Жалал-Абадда баасы 17,8 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
Жалал-Абадда мыйзамсыз менчиктештирилген 10 гектар жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад областынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мамлекеттик жер фондусуна таандык жалпы аянты 10 гектар болгон жер тилкеси мыйзамсыз менчиктештирилгендиги аныкталды.
Тактап айтканда, 1999-жылы Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын жооптуу кызмат адамдары тарабынан эт-сүт багытындагы “А” фермердик чарбасына мамлекеттик жер фондусуна таандык жер тилкесин жеке менчикке берүү жөнүндө мыйзам талаптарына каршы келген буйрук кабыл алынган. Аталган буйруктун негизинде жер участогуна жеке менчик укугун тастыктаган мамлекеттик акт мыйзамсыз берилген.
Прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында мыйзам бузуулар толугу менен жоюлуп, базар баасы 17 млн 831 миң 942 сомду түзгөн, жалпы аянты 10 гектар болгон жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды.
