60 жыл медайым болуп иштеген тургун: Депутаттар бизге тийишпей өз оокаттарын кылышсын
25 июнь

60 жыл медайым болуп иштеген тургун: Депутаттар бизге тийишпей өз оокаттарын кылышсын

Президент Садыр Жапаровдун Ат-Башы районунун тургундары менен жолугушуусунда бийик тоолуу аймакка байланышкан маселе көтөрүлдү. 

Райондун 60 жыл балдар медайымы болуп иштеген Аня Табалдиева аттуу тургуну айрым депутаттар Ат-Башыдан бийик тоолуу аймак деген статусту алууга аракеттенишкенин билдирди. 

“Эң биринчи көйгөй – бул бийиктик. Айрым депутаттар бизден бийик тоолуу аймак деген статусту алабыз дебей, өздөрүнчө оокат кылышсынчы. Бийик тоолуу аймакта жашоонун кесепетин айтып берейин: абанын басымы аз, кислород аз, төрөт курагындагы аялдардын, жигиттерибиздин ден соолугу начар. Мурдагы жылы бир депутат айым келип эле, макамды алышыбыз керек деп баштады”, – деди ал. 

Президент бийик тоолуу аймак деген статус алынбастыгын жана ага эч ким тийишпей турганын белгиледи.