Ошто Төлөнов тар көчөсү ачылды
Ош шаарындагы Төлөнов переулогу оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилди, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.
Ачылышына мэр Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов жана жергиликтүү жашоочулар катышты.
Бул жол “Элит хаус” жана “Рифат” курулуш компаниялары тарабынан оңдолду.
