Кашгар – Ош – Кашгар багыты боюнча жаңы эл аралык авиамаршрут ачылды
"Кыргызстан аэропорттору" ААК Кашгар – Ош – Кашгар маршруту боюнча жаңы эл аралык авиабайланыш ачылгандыгын маалымдайт.
Каттамдар "Чэнду Эйрлайнс" авиакомпаниясы тарабынан, жумасына бир жолу — ар жуманын шейшембисинде, С909 тибиндеги аба кемеси менен аткарылат.
"Ош" эл аралык аэропорту жүргүнчүлөргө сапарынын бардык этаптарында ыңгайлуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуу менен, эл аралык каттамдарды жогорку деңгээлде кабыл алууга жана тейлөөгө даяр.
