Жергиликтүү тургун президенттен “таарынычын жазып, мурдагы ишти кайра жандандырып берүүсүн” суранды
25 июнь

Жергиликтүү тургун президенттен “таарынычын жазып, мурдагы ишти кайра жандандырып берүүсүн” суранды

Садыр Жапаров Ат-Башы районунун тургундары менен жолугушууда, мындан бир нече жыл мурда Нарын жергесине курула турган болуп, бирок жергиликтүү элдин каршылыгынан улам токтоп калган логистикалык борбор тууралуу айтты. 

Ага Курманбек аттуу тургун: “Мурда жаңы президент болгонуңузда келип, логистикалык борбор куралы деп, анан ал колдоо таппагандыктан таарынып кеттиңиз эле. Эми таарынычыңызды кесип, ошол ишти өркүндөтүп бербейсизби?” – деп кайрылган. 

“Мен түшүнгөн жокмун, эч кимге деле таарынган эмес болчумун”, – деп күлдү президент. Андан ары мындай түшүндүрдү: 

“Мен силер менен баарлашып, эмнеге логистикалык борборду курдурбай койгонуңарды сурагам. Камакта жатканымда Ат-Башыга логистикалык борбор курулат дегенде жергиликтүү эл кубалап жибергенсиңер, анын видеолорун көргөм. Изилдеп көрсөм, ал Кыргызстанга 90 пайыз пайда алып келчү долбоор болмок экен. Тиш чукугучтан тартып машинага чейин чыкмак. Президент болгонумдан кийин ири долбоорлорду биринчи орунга койдум. Анан сиздерден эмнеге каршы болуп койдуңуздар эле деп сурагам. Тышкы күчтөр же өзүбүздүн ичибизден ириткендер болгон экен да, элдин башын айлантып, кытай басып кетет, чек ара ушул жерден башталып калат десе эле кууп жибериптирсиздер. Мен баарын түшүндүрүп берсем, туура кабыл алышкан”, – деди президент. 

Айтымында, эл макул болгондон кийин ошол долбоордун башында тургандарды: кыргызстандык менен кытайлыкты чакырып, эки саат сүйлөшкөн. Ошол долбоорду кайра баштоону сунуштаган. Бирок кытайлык жаран Ат-Башыга логистикалык борбор курам деген акчасын башка долбоорго салып жибергенин, буга кайрадан каражат издей турганын айткан. 

“Андан бери беш жыл өттү, ошону менен келбеди”, – деди Жапаров.