Бишкекте баңгизатын сатууга шектелип студент кыз кармалды
Бишкек шаарынын ИИББнын Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери синтетикалык баңгизаттарды сатууга шектүүлөрдү кармашты.
2025-жылдын 13-январь күнү Бишкек шаарынын ИИББнын БМЖКККга белгисиз адамдар баңгизаттарды сатуу менен алектенип жүрөт деген ыкчам маалымат келип түшкөн.
Аталган факты боюнча Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан, Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 282-беренесине (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн тергөө жана ыкчам иш чараларынын жыйынтыгында, Бишкек жогорку окуу жайларынын биринин студенти, 2007-жылы туулган М.А., аттуу шектүү аныкталып кармалган. Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда, шектүүгө карата Бишкек шаарындагы № 1 Тергөө абагына камакка алуу менен баш коргоо чарасы каралган.
Белгилей кетсек, тинтүү иштерин жүргүзүү учурунда, шектүүдөн 110 даана оролгон спецификалык жыты бар белгисиз заттар табылган. Алардын жалпы салмагы 508 граммды түзгөн.
Мындан тышкары, шектүүнүн айтымындагы “Альфа ПВП” аталышындагы белгисиз затты социалдык тармагы аркылуу таратууга алышкан.
