Кара-Суу районунда бир катар жолдор селден жабыркады
Транспорт министрлиги
25 июнь

Кара-Суу районунда бир катар жолдор селден жабыркады

Күн мурун, 24-июнда саат 21:20 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Кара-Суу районундагы Ынтымак айыл аймагындагы Жаңы-Арык – Кызыл-Суу унаа жолунун 19-чакырымынан тартып бир нече чакырымы сел сууларынын алдында калган.

Транспорт министрлигинен кабарлашкандай, табигый кырсык болгон жерге атайын техникалар ыкчам тартылып, №45 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Натыйжада жолдогу каттам эки тараптуу калыбына келтирилди.

Учурда жолду кеңейтүү иштери улантылууда.

Мындан тышкары, Кара-Суу районуна караштуу Кара-Сөгөт айылында да сел жүргөн. Азыркы тапта аталган унаа жолдо тазалоо иштери жүрүүдө.

Жол каттамы үзгүлтүксүз камсыздалууда.