Өмүрбек Жеңишбеков энергетика министринин биринчи орун басары болуп дайындалды
“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Жеңишбеков Өмүрбек Жеңишбекович Кыргыз Республикасынын энергетика министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.А.Касымалиев кол койду.
Негиз: Кыргыз Республикасынын энергетика министри Т.Ө. Ибраевдин сунушу.
Эске салсак, жаңы дайындалган министрдин орун басарын буга чейин Энергетика министрлигинин Электр энергетика башкармалыгынын начальниги болуп эмгектенген.
