Кыргызстандын 700дөй мамкызматкерлери Кытайда окуудан өтөт
Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлеккеттик агенттигинин директору Кудайберген Базарбаев 28-августта Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин менен жолугушту.
Жолугушууда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди окутуу жана алардын квалификациясын жогорулатуу багытында кыргыз-кытай кызматташтыгынын учурдагы абалы жана өнүгүү перспективалары талкууланды.
Агенттиктин директору Кыргызстан менен Кытайды кылымдардан бери бекем достук, өз ара урматтоо жана ишеним байланыштырганын белгилеп, эки өлкөнүн мамилелери саясий, экономикалык, маданий жана гуманитардык чөйрөлөрдө ийгиликтүү өнүгүп жатканын баса белгиледи. Ошондой эле мамлекеттик башкаруу системасы үчүн кадрдык потенциалды чыңдоого өзгөчө көңүл бурулуп жатканына токтолду.
Буга чейинки түзүлгөн Меморандумдун алкагында кыргызстандык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди Кытай Эл Республикасында окутуу ийгиликтүү улантылып келет. Мисалы, 2024-жылы 500 кызматкер кыска мөөнөттүү окуулардан өткөн. Бул пландан 10 эсе көп, тагыраагы 50 орун берилген болсо сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында 500 орунга жеткен. Ал эми 2025-жылдын аягына чейин бул көрсөткүчтү 500дөн 700гө чейин жеткирүү пландалууда. Бул программа мамлекеттик кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу, дүйнөлүк тажрыйбаны өздөштүрүү жана жаңы башкаруу ыкмаларын киргизүүдө маанилүү роль ойнойт.
Кудайберген Базарбаев өз сөзүндө бул долбоор Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин заманбап билимдерди өздөштүрүүсүнө, эл аралык кызматташтык тажрыйбасын кеңейтүүсүнө жана мамлекеттик башкарууда жаңы көз караштарды калыптандыруусуна чоң өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Өз кезегинде Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Толук Ыйгарым укуктуу Элчиси Лю Цзянпин айым учурдагы Кыргызстанды “Жаңы Кыргызстан” деп атап кыргыз-кытай кызматташтыгы мындан ары да үзгүлтүксүз улантыларын жана тараптардын жалпы кызыкчылыктарына кызмат кыла турган жаңы багыттарды өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыска жана узак мөөнөттүү билим берүү программаларын кеңейтүү, мамлекеттик кызматты өнүктүрүүгө багытталган жаңы демилгелерди ишке ашыруу жана стратегиялык кызматташтыкты тереңдетүү боюнча өз ара даяр экендиктерин билдиришти
