Бишкекте коомдук фонддун өкүлү кармалды. Окуянын чоо-жайы
8 октябрь

Бишкекте коомдук фонддун өкүлү кармалды. Окуянын чоо-жайы

Бишкекте коомдук фондунун өкүлү баңгизат тараткандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында баңгизаттарды сатуу каналын жок кылууга багытталган атайын операцияны ийгиликтүү өткөрүштү.

Бул факт Сокулук РИИБте катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Маалыматка ылайык, кызматтын кызматкерлери аталган жаран узак убакыт бою баңгизаттарды таратуу менен алектенип келгенин жана Жалал-Абаддын Токтогул районунан Чүй облусуна баңгизаттарды ташып келүүнү жөнгө салганын аныкташкан.

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагында 1990-жылы туулган А.Д. аттуу жаран кармалды, ал бир коомдук фондунун Бишкек шаарынын Биринчи Май району боюнча кураторунун орун басары болуп иштегени такталып, анын чөнтөгүнөн өзгөчө жыты бар зат болгон 2 ширеңке кутусу табылып, алынган.

Соттук-химиялык экспертизасынын корутундусуна ылайык алынган заттар кара куурай чайыры (гашиш) болуп экендиги аныкталып, салмагы 23,81 граммды түзгөн.

Кармалган А.Д. аттуу жаран убактылуу кармоо жайына киргизилди. 

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар улантылууда.