Социалдык контракт – кимдер жана кантип ала алат?
6 февраль

Социалдык контракт – кимдер жана кантип ала алат?

Кыргызстанда “Социалдык контракт” долбоорунун катышуучуларынын 94,2 пайызын аялдар түзөт. Алар кызмат көрсөтүү, өндүрүш, соода-сатык, мал чарбачылыгы, айыл чарбачылыгы жана кайра иштетүү тармактарында өз иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Жалын Токтосунов билдирди.

Айтымында, социалдык келишим 3 жылга түзүлөт жана жакында 2022-жылы алган катышуучулар боюнча маселе аталган министрликтин коллегиясында каралат.

Токтосунов социалдык келишимди кимдер жана кандай жол менен ала алаарын түшүндүрдү.

“Эки категориядагы жарандарга берилет: 16 жашка чейинки балдары бар, үй-бүлөгө көмөк жөлөкпулун алуучулар жана жакын үй-бүлөлөр.

Каалоочулар айыл өкмөткө арызы жана паспорту менен кайрылышы керек. Андан сырткары бизнес-планы жана мүлктүк потенциалы болууга тийиш. Бардык талаптарга туура келсе, 150 миң өлчөмүндөгү каражат алып, өз ишин баштай беришет”, – деди ал.