Кемин районунда архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды
Курулуш министрлиги
14 сентябрь

Кемин районунда архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

Кемин райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жаңы административдик имараты ачылды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты.

Имараттын курулуш иштери 2025-жылдын октябрь айында башталып, белгиленген талаптарга ылайык толугу менен бүткөрүлдү.

Жалпы аянты 397,13 чарчы метрди түзөт.

Имарат Курулуш министрлигинин ички ресурстарынын эсебинен курулуп, анда жарандарды кабыл алуу жана мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү үчүн зарыл шарттар түзүлдү. Тактап айтканда, “Бирдиктүү терезе” бөлүмү, архив, конференц-зал, кабыл алуу бөлмөсү, бухгалтерия жана кызматтык бөлмөлөр каралган.

Белгилей кетсек, курулуш министри Нурдан Орунтаевдин жеке көзөмөлү алдында бүгүнкү күндө министрликке караштуу 20га жакын административдик имарат курулуп, пайдаланууга берилди. Бул иштер аймактардагы мамлекеттик мекемелердин материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана кызматкерлер үчүн заманбап иш шарттарын түзүүгө багытталган.

Буга чейин башкармалыктын жамааты эски имаратта иш алып барып келген. Жаңы имараттын пайдаланууга берилиши кызматкерлер үчүн ыңгайлуу иш шарттарын түзүүгө, ошондой эле район тургундарына көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жогорулатууга жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга өбөлгө түзөт.