Акаевдин убагынан келаткан үй талаш: аял президенттен жардам сурады
Президент Садыр Жапаровдун Ат-Башы районунун тургундары менен болгон жолугушуусунда Айгүл Бакирова аттуу тургун жеке маселеси менен кайрылды.
Айтымында, ал жолдошу экөө Ат-Башыда 20 жылдан ашуун иштеген. Пенсияга чыгышкандан кийин Бишкектен 1,5 млн сомго жер там алышкан. Бирок жолдошу бир фирмага иштеп, 47 жашында жумуштагы кокустуктан каза тапкан. Аял бул боюнча сотко кайрылган, бирок иш каралган эмес, анткени, ал белгилегендей, жолдошу иштеген фирманын чоңу мурдагы президент Акаевдин кеңешчисинин агасы болгон.
“Жолдошум каза болгондон кийин кыйналып, үйдү коюп, карыз алдым. Көрсө мага карыз берген адам мыйзамсыз иштерди жасаган адам экен. Бир айда кийин эле келип үйдөн чыккыла, муунтуп өлтүрөм, бычактайм деп баштады. Коркконумдан сотту күтпөй эле, беш баламды алып качып чыктым. Үйдү тартып алган адам ал үйдө 25 жыл жашады, мен да 25 жыл соттошуп келдим. Былтыр үйдү алдым, бирок документтерин жоготуп койдук деп бербей жатышат”, – деди аял.
Президент аялга Жогорку соттун орун басарына табыштап, жыйындан кийин кабыл алып, “бул ишке мыйзамдуу чекит коюуну” тапшырды.
