Нейрохирургдардын биргелешкен иши: мээнин кан тамыр патологиясы бар балдарга татаал операциялар жасалды
Улуттук госпиталдын базасында мээнин оор кан тамыр ооруларына – аневризма жана артериовеноздук мальформацияга (АВМ) – чалдыккан балдарга жогорку технологиялуу эндоваскулярдык операциялар ийгиликтүү жүргүзүлдү операция Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун жана Улуттук госпиталдын нейрохирургдарынын биргелешкен тобу тарабынан аткарылды.
Операциялар заманбап ангиографиялык операциялык бөлмөдө, интраоперациялык визуалдаштыруунун эң жаңы ыкмалары колдонулган шартта өттү.
Мультидисциплинардык командага эндоваскулярдык нейрохирургдар, анестезиолог-реаниматологдор, рентген-лаборанттар жана жандандыруу бөлүмүнүн дарыгерлери кирди.
Мындай ыкма жогорку деңгээлдеги коопсуздукту, так диагностика жана дарылоонун натыйжалуулугун камсыз кылды.
Интервенцияга чейин кан тамырлардын анатомиялык өзгөчөлүктөрүн, патологиялык түзүлүштөрдүн көлөмүн жана жайгашкан жерин аныктоо максатында деталдаштырылган ангиографиялык диагностика жүргүзүлдү.
Адистер коллегиалдык талкуулоодон кийин ар бир бейтап үчүн оптималдуу дарылоо тактикасын тандашты.
