Бишкекте Дубосековская кыска көчөсүн капиталдык оңдоо иштери башталды
"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы Кайназаров көчөсүнөн Месарош көчөсүнө чейинки тилкедеги Дубосековская тилкесин капиталдык оңдоого киришти.
Мэриянын маалымат кызматынан кабарлашкандай, иштер 2025-жылдын титулдук тизмесинин алкагында жүргүзүлүүдө.
Учурда эски асфальтты алуу иштери аяктап, ирригациялык система орнотулуп, асфальт төшөө үчүн негиз даярдалууда.
Муниципалдык ишкана тургундардан жана айдоочулардан курулуш иштерине байланыштуу убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.
