Ала-Бука районунун билим берүү бөлүмүндө коррупциялык схема аныкталды
8 октябрь

Ала-Бука районунун билим берүү бөлүмүндө коррупциялык схема аныкталды

Ала-Бука районунун билим берүү бөлүмүндө коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү текшерүүнүн жыйынтыгында текшерүүчү органдар (Эсептөө палатасы) тарабынан текшерүүлөрдүн жыйынтыгын жакшыртуу жана мыйзам бузууларды жаап-жашыруу максатында,  Ала-Бука районунун билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери өздөрүнүн ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланып, мектеп жана бала бакчалардын жетекчилеринин коркутуп-үркүтүү жолу менен мыйзамсыз акча чогултуу системасын уюштурушкандыгы аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Жалал-Абад облусунун прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттерин жүргүзүү үчүн УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгына өткөрүлүп берилди.