Нарын – Баетов унаа жолунун курулушу уланууда
Транспорт министрлиги
28 апрель

Нарын – Баетов унаа жолунун курулушу уланууда

Нарын – Баетов унаа жолунун бир нече чакырымдарында курулуш иштери активдүү жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министелигинин малымат кызматынан кабарлашты.

Бүгүнкү күнгө карата:

  • 8-13-чакырымга чейинки тилкесинде экинчи катмар асфальт төшөлүп жатат.
  • 84-115-чакырымга чейинки тилкенин 11.7 чакырымына биринчи катмар асфальт басылып, калган тилкеде жер иштери жана суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу процесси жүрүүдө.
  • 99-102 чакырымдын оң тарабына биринчи катмар асфальт басылууда.
  • 115-120-чакырым аралыгына асфальт-бетондун төмөнкү катмарын төшөө жумуштары жүрүүдө.

Белгилей кетсек, Нарын – Баетов унаа жолунун жалпы узундугу –120 чакрымды түзөт.

Унаа жолунун курулушуна керектүү бардык ресурстар толук камсыздалган.