«Сулайман-Тоо» музей-комплексинин аймагындагы көрүстөндөрдө ирээтке келтирүү иштери башталды
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин ведомстволор аралык комиссиясынын чечиминин негизинде «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей-комплексинин аймагындагы көрүстөндөрдүн темир тосмолорун алуу иштери башталды.
Аталган иш-чаралардын негизги максаты – өрт коопсуздугун камсыз кылуу, «Сулайман-Тоо» объектисинин экологиялык абалын жана табигый экосистемасын сактоо, ошондой эле көрүстөн аймагын тазалап, ирээтке келтирүү болуп саналат.
Белгилүү болгондой, «Сулайман-Тоо» ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген өзгөчө тарыхый-маданий жана табигый объект болуп эсептелет. Анын аймагында өрт коопсуздугун камсыздоо жана санитардык талаптарды сактоо мамлекеттик деңгээлдеги маанилүү милдеттердин бири болуп саналат.
Жүргүзүлүп жаткан иштер мыйзамдардын талаптарына жана тиешелүү мамлекеттик органдардын чечимдерине ылайык ишке ашырылууда. Ошондой эле көрүстөндөрдүн ээлери жана жакындары менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, процесстин ачык-айкын өтүшүнө өзгөчө көңүл бурулууда.
