Ош шаарында дагы бир сейил бак ачылды 
Ош мэриясы
14 сентябрь

Ош шаарында дагы бир сейил бак ачылды 

Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районундагы Жолон Мамытов атындагы сквер пайдаланууга берилди. Бул тууралуу 13-сентябрда Ош мэриясынан кабарлашты.

Ачылыш аземге шаар мэри Жанарбек Акаев, Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Исраилов, шаардык кеңеш, тургундар катышты. Калаа башчысы тургундар үчүн эстелик тактайчасын орнотуп, жарыктандырууга старт берди.

Ж. Мамытов атындагы сквер Ош шаарынын капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан курулуп, заманбап отургучтар, акындын ырынын саптары менен атайын инсталяция, атайын жарыктандыруу, балдар аянтчасы, воркаут зонасы бар.

Белгилей кетсек, бул алты айдын ичинде ачылган отузунчу сквер болуп калды.