Күн катуу ысыйт! Синоптиктер шашылыш билдирүү таратты
Кыргызгидромет кызматы аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, 3-5-июль күндөрү ысык аба ырайы күтүлүп, абанын жогорку температурасы акырындык менен жогорулашы күтүлөт.
Абанын күндүзгү температурасы Чүй өрөөнүндө 35…40°ка, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 36…41°ка чейин, Талас облусунун өрөөнүндө 33…38°ка чейин жогорулашы күтүлөт.
Мындай кургак ысык аба ырайынын учурунда организмди суусуздандыруудан жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөөгө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.
