
Салык кызматы мүлк салыктарын төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейддерди баштайт
Мыйзамга ылайык, белгиленген мөөнөттө салык төлөбөгөн мүлктүн ээлери салыктын негизги суммасын гана эмес, административдик айып пулду, ошондой эле кечиктирилген ар бир күн үчүн туумду төлөөгө милдеттүү болушат.
Сентябрдын башынан тартып Салык кызматынын кызматкерлери КР ИИМдин ЖКККББ менен биргеликте республиканын аймагында транспорт каражатына салык төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейддик иш-чараларды өткөрүшөт.
Эскерте кетсек, 1-сентябрда төмөнкү мүлк салыктарынын төлөө мөөнөттөрү аяктаган:
– транспорт каражатына салык;
– турак жай, батирге салык (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган);
– үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторуна салык.
Белгилей кетсек, салыкты өз убагында төлөбөгөн жеке жактар үчүн 1000 сом жана юридикалык жактар үчүн 5000 сом өлчөмүндөгү айып пул каралган, ошондой эле кечиктирилген ар бир күн үчүн карыздын суммасына 0,09% өлчөмүндөгү туум кошулат.