Калкып туруучу электр станция штаттык режимде иштөөдө
Кыргызстанда биринчи жолу орнотулган калкып туруучу күн электр станциясы (Фото-Электро Станция) штаттык режимде иштөөдө. Бул пилоттук долбоор “Чакан ГЭС" ААК карамагындагы ГЭС-5тин суткалык жөнгө салуу бассейнинде ишке ашырылып, 2024-жылы июнь айында ишке берилген. Калкып туруучу күн электр станциясынын негизги артыкчылыктары:
- жер ресурстарын үнөмдөө
- суунун бууланышын азайтуу
- ГЭСтер менен айкалыштыруу
- экологиялык имиджди жакшыртуу
Бир жыл ичинде ФЭС стабилдүү жыйынтыктарды көрсөтүп, өлкөбүздүн шартында күн энергетикасынын жашоо жөндөмдүлүгүн тастыктай алды. Алсак, 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында 75 миң кВт.с электр энергиясы өндүрүлдү, бул мерчемделген көрсөткүчтөн 5,6 % көп.
Эске салсак, калкып туруучу күн электр станциясы КРдагы “Калкып туруучу күн энергетикасын өнүктүрүү” программасынын алкагында Азия өнүктүрүү банкы тарабынан кайтарымсыз жардам катары ишке ашырылган. Бул долбоор Кыргызстанда гана эмес, Борбор Азиядагы эң алгачкылардын бири болду.
