Онлайн төлөм деп алдашты – Ысык-Көлдө дүкөн ээси 18 500 сом зыянга учурады
2025-жылдын 21-июнунда Ысык-Көл РИИБге Чолпон-Ата шаарынын 1977-жылы туулган тургуну И.М. арыз менен кайрылган.
Арыз ээсинин билдирүүсүнө ылайык, ошол эле күнү болжол менен саат 16:00 чамасында соода борборлорунун биринде жайгашкан дүкөнүнө белгисиз адамдар келип, кийим-кече сатып алышкан.
Тактап айтканда, алар дүкөндөн 2 даана футболка, 2 даана көйнөк, 2 даана спорттук шым, 1 даана толстовка жана 1 даана спорттук бут кийим алышып, төлөмдү "М-Банк" аркылуу жүргүзөбүз деп, жасалма SMS билдирүү жиберишип, из жашырып кетишкен. Бул аракеттен улам жабырлануучуга 18 500 (он сегиз миң беш жүз) сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген.
Аталган факт Ысык-Көл РИИБдин КБРине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") боюнча кылмыш иши козголгон.
Ысык-Көл РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгында кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 2004-жылы туулган тургуну Ж.Б., Балыкчы шаарынын 2004-жылы туулган тургуну К.Э., жана 2002-жылы туулган тургуну М.А. кармалган.
Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөр ушул сыяктуу алдамчылык фактыларын Чолпон-Ата жана Бишкек шаарларында дагы жети жолу жасашканы аныкталган. Алар күнөөлөрүн толугу менен мойнуна алышкан.
Ысык-Көл райондук сотунун чечими менен шектүүлөргө карата 1 айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган.
Тергөө амалдары улантылууда.
Ысык-Көл ОИИБ жарандарды сак болууга чакырат!
• Онлайн төлөм жүргүзүлдү деген билдирүүлөрдү сөзсүз түрдө расмий мобилдик тиркеме же банк аркылуу текшерип алыңыз.
• Шектүү учурларда дароо милицияга кабарлаңыз – 102.
