Көңүл буруңуз! Кыргызстанда 5-сентябрдан тарта чет элдиктерди каттоонун жаңы тартиби күчүнө кирет
4 сентябрь

Көңүл буруңуз! Кыргызстанда 5-сентябрдан тарта чет элдиктерди каттоонун жаңы тартиби күчүнө кирет

Кыргызстанда 2024-жылдын 5-сентябрынан тарта өлкөнүн аймагындагы чет элдик жарандарды жана жарандыгы жок адамдардын келүүсүн тескөөчү токтом күчүнө кирет. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен эске салышты.

Ведомствонун маалыматына таянсак, өзгөрүүлөр визасыз режимдеги өлкөлөргө гана тиешелүү: алар Россия Казакстан, Тажикстан, Армения, Беларусь, Грузия, Азербайжан жана Молдова, ал чет элдик жарандар жеке максаттар менен өлкөгө келгендер. Ал эми өлкөгө жумуш, окуу же жеке ишкерлик ишмердүүлүктөр менен келген жарандарга каттоо тартиби өзгөрүүсүз калат.

Буга чейин жогоруда жазылган өлкөлөрдүн жарандары өлкөгө келүүнүн максатына жараша алты айлык мөөнөткө узарта алышчу. Эми Кыргызстандын аймагына жеке максаттар менен узак мөөнөткө келүү үчүн төмөнкү документтер негиз боло алышат:

 Туруктуу жашоого уруксат;

 Жарандыктын жоктугу тууралуу күбөлүк;

 «Кайрылман» күбөлүгү;

 «Мекен-карт» күбөлүгү.

 ЕАЭБдеги жарандар (Армения, Беларус, Казакстан, Орусия) Кыргызстанда ар 180 күндүк мөөнөттө 90 күнгө чейин документтерди тариздебей жүрө алышат.

 Тажикстан, Грузия, Азербайжан жана Молдованын жарандары ар 120 күндүк мөөнөттө 60 күнгө чейин документтерди тариздебей жүрө алышат.

Белгиленген мөөнөттөр бүтөр менен документтери таризделбегендер өлкөдөн чыгып кетүүгө милдеттүү, ошондой эле 60 же 90 күндөн кийин кайра өлкө аймагына кайсы өлкөнүн жарандыгына байланыштуу кире алышат.