Кадамжайда кошуна мамлекеттин жаранын мыйзамсыз иштетип жүргөн факты аныкталды
Баткен ОИИБ
28 апрель

Кадамжайда кошуна мамлекеттин жаранын мыйзамсыз иштетип жүргөн факты аныкталды

Кадамжай районунда кошуна мамлекеттин жаранын мыйзамсыз өткөрүү фактысы аныкталды, деп кабарлайт Баткен облустук милициясы.

Маалыматка ылайык, район аймагында экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө кошуна мамлекеттин жаранын мыйзамсыз өткөрүү фактысы аныкталды.

Тактап айтканда, Үч-Коргон айыл аймагынын 33 жаштагы тургуну К.Ё. аттуу жаран кошуна мамлекеттин 37 жаштагы К.Б. аттуу жаранын алдоо жолу менен ишенимине кирип, Кыргыз Республикасынын көзөмөлүндөгү чек ара тилкесинен мыйзамсыз өткөрүп, аны мыйзамсыз иштетип жүргөндүгү аныкталган.

Аталган факт боюнча Кадамжай РИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси, 168-беренеси жана 209-беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду.

Учурда шектүү жарандар убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.