Барскоон-Бедел жолунда эки туннель жана 30дан ашык көпүрө куруу каралган
Жалпы узундугу болжол менен 150 чакырымды түзүп, Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги Барскоон айылын кыргыз-кытай чек арасындагы Бедел көзөмөл ѳткѳрүү пункту менен байланыштырган жолдун курулушу дээрлик 5 жылга созулат.
Долбоордо жолдун категориясын өзгөртүү, 2 туннель жана 30дан ашык көпүрө, кар көчкүдөн сактоочу галереяларды, таш кулоо жана сел тосмолорун куруу каралган.
Ошондой эле, жолдун бүткүл узундугу боюнча эки комплекстүү тейлөө зонасын куруу пландаштырылууда. Алардын негизги объектилери болуп унаа токтоочу жана май куюучу жайлар, электр унааларын заряддоочу станция, тейлөө объектилери, соода имараттары, ошондой эле жол тейлөө ишканалары үчүн кеңселер жана кампалар болот.
Транспорт каражаттары үчүн каттам 2029-жылдын күз айларында берилери болжолдонууда.
Эске салсак, 2024-жылы Барскоон-Үч-Турпан-Аксу эл аралык коридорун салуу жумуштары башталып, Бедел көзөмөл өткөрүү пунктуна барчу 58 км убактылуу жолдун курулушу ишке ашкан.
