Ошто шаар куруу кеңешмеси өттү
Ош шаарынын аймагына жаңыдан курулуучу социалдык жана көп кабаттуу объектилерди куруу боюнча кезектеги шаар куруу кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты.
Кеңешмеге Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, Курулуш министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин кызматкерлери, кеңештин курамына кирген тийиштүү кызматтын өкүлдөрү жана көз карандысыз архитекторлор катышты.
Кеңешменин күн тартибиндеги маселелер жеринде каралып, андан ары иш алып баруу боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды.
