Кыргызстанда бир жумада 29 миңге жакын жол эрежесин бузуу фактысы катталды
Сүрөт ачык булактардан алынды
10 август

Кыргызстанда бир жумада 29 миңге жакын жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Кыргызстандын аймагында 31-июлдан 6-августка чейинки аралыкта алдын ала маалымат боюнча, 28 миң 753 жол кыймылынын эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан (ЖКККББ) кабарлашты.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

  • тиешелүү документтери жок транспорт каражатын башкаруу — 4 502;
  • мас абалында унаа башкаруу — 415;
  • транспорт каражаттарынын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 207;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол кыймылынын эрежелерин бузуу — 841;
  • транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 4 582;
  • автоээнбаштык — 33;
  • белгиленген ылдамдык чегинен ашуу — 1 567;
  • жасалма мамлекеттик номер менен транспорт каражатын башкаруу — 8;
  • башка жол кыймылынын эрежелерин бузуу фактылары — 13 357.

Жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн 3 241 транспорт каражаты убактылуу токтотуучу атайын жайларга киргизилди.

ЖКККББ айдоочуларды жана жөө жүргүнчүлөрдү жол кыймылынын эрежелерин так сактоого жана жолдогу коопсуздукка жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырат.