Бишкекте Борбор Азия жана Кавказ аймагындагы өлкөлөрдүн парламентчилеринин субрегионалдык жолугушуусу өтүүдө
Бишкек шаарында «Борбор Азияда гендердик теңчиликти илгерилетүү жана аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» темасындагы парламент өкүлдөрүнүн субрегионалдык жолугушуусу өз ишин баштады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен кабарлашты.
Иш-чара Жогорку Кеңеш тарабынан Калктын саны жана өнүгүү боюнча парламентчилердин Азия форуму (AFPPD) менен биргеликте, Япониянын трасттык фондунун (JTF) жана БУУнун Калкты жайгаштыруу фондунун (UNFPA) колдоосу астында өткөрүлүүдө.
Жолугушуунун модератору – Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрайымы, Калктын саны жана өнүгүү боюнча парламентчилердин Азия форумунун вице-төрайымы Эльвира Сурабалдиева.
Конференцияга Кыргызстан, Азербайжан, Грузия, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын парламент өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын, дипломатиялык корпустун, эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү жана эксперттер катышууда.
Сессиялардын жүрүшүндө катышуучулар мыйзамдарды өркүндөтүү, аялдардын коомдук-саясий турмушка катышуусун кеңейтүү, укуктарын коргоо механизмдерин өнүктүрүү, аялдардын лидерлигин колдоо, ошондой эле парламенттер аралык жана регионалдык кызматташтыкты чыңдоо маселелерин талкуулашат.
Ошону менен бирге аймактагы өлкөлөрдүн парламент депутаттары, эл аралык уюмдардын, мамлекеттик органдардын, дипломатиялык миссиялардын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү баяндама жасашат.
Жолугушуунун жыйынтыгында Борбор Азия жана Кавказ аймагындагы өлкөлөрдө гендердик теңчиликти илгерилетүү жана аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча биргелешкен сунуштарды жана сунуштамаларды иштеп чыгуу күтүлүүдө.
