Башкы прокуратура
28 апрель
“Ысык-Көл” пансионатына тиешелүү 273 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды
Ысык-Көл райондук прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын сакталышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө, 2004-жылы “Ысык-Көл” туристтик пансионатына тиешелүү 1,9 га жер тилкеси мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке өткөрүлүп кеткендиги аныкталган.
Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында, базар баасы 273 млн 149 миң сомду түзгөн жогоруда белгиленген мүлк мамлекетке кайтарылды.
