Алты айда Кыргызстанда 1,37 млн ашык камсыздандыруу келишими түзүлгөн
2026-жылдын 1-июлуна карата Кыргызстандын камсыздандыруу уюмдары тарабынан 1 млн 371 миң 333 камсыздандыруу келишими түзүлгөн. Бул тууралуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы маалымдады.
Анын ичинен 857 миң 676 келишим камсыздандыруунун ыктыярдуу түрлөрү боюнча түзүлгөн.
Ал эми 511 миң 814 келишим камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрүнө туура келет. Алардын ичинде 645 келишим милдеттендирилген камсыздандыруу боюнча түзүлгөн.
Камсыздандыруунун ислам принциптерине негизделген такафул багыты боюнча 1 миң 843 келишим түзүлгөн.
Учурда Кыргызстандын камсыздандыруу рыногунда 20 камсыздандыруу жана кайра камсыздандыруу уюму иш алып барууда.
