Балыкчы шаарында көрктөндүрүү иштери жүрүүдө
Балыкчы шаарынын мэри Баатырбек Жантаевдин тапшырмасы менен шаарды көрктөндүрүү иштери жүрүүдө.
Шаардык мэриянын алдына муниципалдык ишканалардын күчү жана каражаты менен бийиктиги 25 метр болгон флагшток орнотулууда.
Мындан тышкары, мэриянын алдындагы эки фонтан толугу менен реконструкциядан өтүп жатат.
