Манас шаарындагы "Тазалык" мекемесине жаңы техникалар тапшырылды
президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү
13 март

Манас шаарындагы "Тазалык" мекемесине жаңы техникалар тапшырылды

Манас шаарындагы “Тазалык” муниципалдык мекемесине жаңы атайын техникалар тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. 

Ачкычтарды 12-мартта облус башчысы Тилек Текебаев тапшырды. 

Атайын техникалар Жалал-Абад облусунун өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып, жалпы сметалык баасы 7 млн 100 миң сомду түзөт.

Мында төрт даана көп тармактуу, кар тазалоочу кичи трактор сатылып алынган.