Ош облусунун аймагында 2 тоннадан ашуун кара куурай жок кылынды
Ош ОИИБ
10 август

Ош облусунун аймагында 2 тоннадан ашуун кара куурай жок кылынды

Ош облусунун аймагында 2 тоннадан ашуун кара-куурай жок кылынды.

Облустук милициядан кабарлашкандай, 2026-жылдын 3-8-август күндөрү “Кара куурай” аталышындагы иш-чаранын 2-этабы өткөрүлгөн. 

Анын жүрүшүндө район аймактарында баңгизаттарды камтыган өсүмдүктөрдү аныктоо жана жок кылуу багытында жалпы 3 гектар жер текшерилген.

Аталган иш-чара жапайы кара куурайдын өсүшүн чектөө жана баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнүн алдын алуу максатында уюштурулду.

Учурда милиция кызматкерлери тарабынан Ош облусунун аймагында баңгизаттарды камтыган өсүмдүктөрдү мыйзамсыз өстүрүү фактыларын аныктоо, ошондой эле өзүнө тиешелүү жер тилкелеринде, талааларда жана короо-жайларда жапайы өскөн кара-куурайды жок кылуудан баш тарткан жарандардын аймактарын текшерүү боюнча иш-чаралар улантылууда.