ИИМ мамлекеттик кызматкерлер арасындагы коррупциянын алдын алууну күчөтүүдө
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин жана Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери үчүн коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча түшүндүрүү иш-чараларды өткөрүштү.
Жолугушуулардын жүрүшүндө катышуучуларга коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча чаралар, пара алуунун кесепеттери жана коррупциялык кылмыштар үчүн мыйзамда каралган жоопкерчилик жөнүндө маалымат жеткирилди. Ошондой эле өлкөдө аныкталган коррупциялык фактылар, кылмыш жоопкерчилигине тартылган жана соттолгон адамдардын саны боюнча статистикалык маалыматтар айтылды.
Мамлекеттик кызматкерлер арасында коррупцияга каршы мыйзамдарды сактоо, кызматтык тартип жана укуктук маданиятты жогорулатуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Иш-чарага укуктук камсыздоо жана мониторинг, санариптик трансформация, жер кадастры, финансы жана экономикалык пландоо башкармалыктарынын башчылары, башкармалыктардын жана бөлүмдөрдүн башчыларынын орун басарлары, мамлекеттик сатып алуулар, персонал менен иштөө, чечимдердин аткарылышын контролдоо жана иш кагаздарын жүргүзүү боюнча, ошондой эле башкы, жетектөөчү жана башка адистер катышты.
Мындан тышкары, катышуучуларга укук бузуулар, коррупциялык көрүнүштөр же башка шектүү жагдайлар аныкталган учурда кайрылуу үчүн байланыш номерлер берилди.
