Жекшенкулов: Борбор Азиянын коопсуздук маселеси Афганистанга байланыштуу
13 октябрь

Жекшенкулов: Борбор Азиянын коопсуздук маселеси Афганистанга байланыштуу

Жакында Тажикстандын Душанбе шаарында өткөн КМШ өлкөлөрүнүн башчыларынын саммитинде президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, чөлкөмдүн коопсуздугу алдыңкы саптагы маселе экенин, демек, мындай учурда жолугушуу өтө маанилүү болоорун белгиледи.

Мурдагы тышкы иштер министри, саясий илимдердин доктору, профессор Аликбек Жекшенкулов Борбор Азиянын коопсуздугуна залакасын тийгизчү маселелерди чечемеледи.

“Аймактын биринчи коопсуздугу – Афганистанга тиешелүү.

Кудайга шүгүр, Борбор Азиядагы беш мамлекеттин ортосунда өтө курч маселе жок. Чек ара маселелери чечилди. Бир гана маселе калды – бул суу бөлүштүрүү. Мисалы, Кыргызстан менен Тажикстан тоо тарапта турабыз, биз суу беребиз, а Казакстан менен Өзбекстан суу алат. Ушул маселе боюнча тил табышсак, мамлекеттердин келечек тынчтыгын камсыздаган болоор элек”, – деди Жекшенкулов.

Ал белгилегендей, жакында Казакстан суу маселеси боюнча демилге көтөргөн. Ал – Сибирден агып чыккан сууларды Борбор Азия багытына буруу. Эгерде бул ишке ашса, Казакстан менен Өзбекстандагы чөлдөр экинчи жашоосун алышмак. Аны менен катар бул стратегия жана коопсуздук.

Ошондой эле, Жекшенкулов Афганистан маселесине кайрылып, ал жакта абал курчуп баратканын билдирди.

“Афганистан эки анжы. Жакында АКШнын президенти Афганистандагы базаны кайра берүүнү талап кылды, а афган бийлиги андан баш тартты. Эми АКШ кандай саясат кылат: согуш баштайбы же бомба таштайбы? Бул белгисиз. Афганистан тынч эле болсун. Анткени, андагы абал бизге да таасирин берет. Түз чек арабыз болбогону менен, бизден тоо аркылуу 260 чакырым алыстыкта эле жайгашкан. Учак, тик учак болбосо деле, ат, эшекке куралдарын жүктөп кирип келе алышат. Азыр талибдер бийликте, бирок андан башка дагы тоо арасында жашынып күн көрүп, саясий бурулушту күткөн топтору көп. Ошон учурда бул кыргыз элинин коопсуздугуна таасир эте турган чоң маселени чогуу-чаран чечели деп биздин президент туура маселе көтөрдү”, – деди профессор.