Чет элдик аскердик окуу жайларга тапшырган кыргыз курсанттары ант беришти
Бүгүн, 16-августта чет мамлекеттик жогорку аскердик окуу жайларга тапшыруучу курсанттар үчүн аскердик ант берүү аземи өттү. Бул тууралуу КР Коргоо министрлигинен кабарлашты.
Салтанаттуу иш-чарага коргоо министринин биринчи орун басары Эрлис Тердикбаев, Аскер институтунун жетекчилиги жана өздүк курамы, курсанттардын ата-энелери жана жакындары катышты.
100дөн ашуун курсант тандоо сынактарынан, медициналык кароодон өтүшүп, бир айлык жаш жоокердик курсун аяктап, бүгүн Мекен алдында аскердик ант беришти.
Курсанттар Россия Федерациясы, Кытай Эл Республикасы, Түркия, Казакстан жана Өзбекстан Республикасындагы жогорку аскердик окуу жайларда билим алып, келечекте Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн толуктай турган адистер даярдалмакчы.
