Кыргызстанга дүйнөнүн 11 өлкөсүнөн куткаруучулар билимин тереңдетүү үчүн келишти
Кыргызстанга Алжир, Египед, Пакистан, Сербия, Грузия, Сауд Аравия, Азербайжан, Марокко, Россия, Палестина жана Беларусь мамлекеттеринен куткаруучулар билимин тереңдетүү үчүн келишти. Бул тууралуу Өзгөчө кылдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, өлкөгө жыл сайын Эл аралык Жарандык коргонуу уюмунун алкагында өтүүчү тоо куткарууга даярдоо боюнча XI эл аралык курсу бүгүн, 16-августта КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунда расмий ачылды.
Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов дүйнөнүн 11 мамлекетинен келген тоо куткаруучуларын кабыл алып, алардын ар бири менен жакындан таанышты.
“Тоодо куткаруу иштеринде ыкчам, күжүрмөн, кесипкөй болуу канчалык маанилүү экенин жакшы түшүнөбүз. Ошондуктан бул курстарды он биринчи жолу өткөрүү биз үчүн чоң сыймык”, - деди Шамырканов.
Белгилей кетсек, Эл аралык Жарандык коргонуу уюмуна мүчө өлкөлөрдүн куткаруучулары Кыргызстанда 2012-жылдан бери суу объектилеринен жана тоодон куткаруу чөйрөсүндө квалификациясын жогорулатуу максатында курстардан өткөрүлүп келет. Бул жылдар аралыгында 16дан ашык өлкөдөн келген 130 куткаруучу окутулду.
Эки жумага созулган бул курста теория, практика, командада иштөө жана тажрыйба алмашуу программалары каралган. Жыйынтыгында окуудан өткөндүгүн тастыктоочу сертификатка ээ болушат.
Чет өлкөлүк куткаруучулар кыргыз тараптын жылуу тосуп алып, жагымдуу шарттарды түзүп берип жаткандыгына ыраазычылык билдирип, билимин тереңдетүү менен адам өмүрүн, коопсуздугун коргоо боюнча бай тажрыйбаларга ээ болуп кайтышарына ишеним артышты.
Белгилей кетсек, суу объектилеринде куткаруу иштери боюнча курс Ысык-Көлдө министрдин биринчи орун басары Азамат Мамбетовдун жетекчилиги менен ӨКМдин Суучулдар борборунда расмий ачылды.
