Шакиев Си Цзиньпиндин дипломатия боюнча идеяларын изилдеген борбордун ишмердүүлүгү менен таанышты
15 сентябрь

Шакиев Си Цзиньпиндин дипломатия боюнча идеяларын изилдеген борбордун ишмердүүлүгү менен таанышты

Жогорку Кеңештин төөрагасы Нурланбек Шакиев 14-сентябрда Кытай Эл Республикасындагы расмий сапарынын алкагында Кытай эл аралык институтуна караштуу Си Цзиньпиндин дипломатия боюнча идеяларын изилдеген борбордун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу парламенттин кабарлашты. 

Алсак, аталган борбор 2020-жылы Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин дипломатия темасына байланышкан теориялык жана практикалык багыттагы идеяларын изилдеп, аларды тактап, талкуулап, жайылтуу максатында түзүлгөн. Ошондой эле борбордо ири державанын эл аралык байланышын өнүктүрүүгө арналган маселелер иликтенет. 

Төрага Нурланбек Шакиев байыркы коңшу катары Кыргызстан Кытай менен калыптанган алакаларды арттырууга ар дайым кызыкдар экендигин белгилеп, борбордун Ардак коноктор китебине каалоо тилегин жазып калтырды.