Дыйкандар үчүн колл-борбор иштей баштады
16 апрель

Дыйкандар үчүн колл-борбор иштей баштады

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги фермерлер жана айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөр үчүн адистештирилген байланыш борбору (call center) ишке киргизилгенин маалымдайт.

Жаңы сервис ыкчам маалымат берүү, практикалык жардам көрсөтүү жана министрлик менен түз байланыш түзүү максатында түзүлдү.

Байланыш борборунун (call center) ачылышы фермерлерге ишке ашырылып жаткан мамллекеттик программалар боюнча так маалымат алууга жана айыл чарба чөйрөсүндөгү көйгөлөрдү чечүүгө мүмкүндүк берет.

Төмөнкү негизги багыттар боюнча кеңеш берилет:

  • мамлекеттик колдоо (жеңилдетилген насыя, субсидия, лизинг);
  • суу ресурстары жана ирригация маселелери;
  • өсүмдүк өстүрүү, коргоо жана анын карантини;
  • мал чарбасы, ветеринария жана асыл тукум иши;
  • продукцияны кайра иштетүү, сактоо, сертификаттоо жана экспорт.

Жарандардын ыңгайлуулугу үчүн 1210 кыска номери иштейт. Чалуулар Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында жана бардык байланыш операторлорунан жеткиликтүү. Байланыш борбору (call center) иш күндөрү саат 09:00дөн 18:00гө чейин иштейт.

Байланыш борборунун (call center) ишке киргизилиши министрликтин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана агроөнөр жай комплексинде санарип куралдарын өнүктүрүү боюнча жүргүзүп жаткан иш-аракеттеринин бир бөлүгү болуп саналат