видеодон алынган кадр
10 август
Жакында Ош шаарында дагы бир жаңы көчө ачылат
Ош шаарында алтернативдүү көчөлөрдү куруу жана оңдоп-түзөө иштери активдүү уланууда, деп кабарлайт мэриянын басма сөз кызматы.
Учурда Абдувалиев көчөсүндөгү жолдун даярдалган тилкесине асфальт төшөө иштери жүрүп жатат.
Адистер сапаттуу жана бышык жол катмарын камсыз кылуу үчүн бардык талаптарды сактоо менен иш алып барышууда.
Белгилей кетсек, буга чейин көчөдөгү мыйзамсыз курулуштар алынып, жол тилкеси толугу менен тазаланып, тегиздөө жана даярдоо иштери жүргүзүлгөн.
