президенттин администрациясы
2 сентябрь
Ош шаары менен Пакистандын Лахор калаасынын ортосунда туугандык байланыштар орнотулду
Ош шаары менен Пакистандын Лахор шаарынын ортосунда туугандык байланыштарды орнотуу боюнча меморандумга кол коюу аземи өттү.
Ош мэриясынан кабарлашкандай, документке бүгүн, 2-сентябрда «Ынтымак Ордодо» кол коюлду.
Иш-чара Пакистандын Премьер-министри Шахбаз Шарифтин Кыргызстанга расмий сапарынын алкагында уюштурулду.
Меморандум эки шаардын ортосундагы достук жана өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүгө, шаардык башкаруу, маданият жана башка өз ара кызыкчылыктарды жараткан багыттарда кызматташууну кеңейтүүгө багытталган.
Лахор Пакистандын Пенжаб провинциясынын борбору жана өлкөнүн маданий очогу катары таанылган ири шаар болуп саналат. Ал тарыхый архитектурасы жана маданий жашоосу менен айырмаланган шаар катары мүнөздөлөт.
