Аликбек Жекшенкулов: Россия КМШ өлкөлөрүнүн улуттук кызыкчылыгы менен эсептешерин далилдеди
Жакында Тажикстандын борбор калаасы Душанбе шаарында КМШ мамлекеттеринин башчыларынын саммити болуп өттү. Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын лидерлери катышты.
Мурдагы тышкы иштер министри, саясий илимдердин доктору, профессор Аликбек Жекшенкулов саммит боюнча пикирин билдирип жатып, бул келечекке карата пландарды түзгөн жакшы жолугушуу болгонун белгиледи.
“Чынында, Батыш мамлекеттери күч, байлык, таасир жагынан дүйнөлүк саясатка өтө чоң таасирин берет. Ал бир гана Россияга эмес, КМШ өлкөлөрүнө да басым кылууга, кызматташууну басаңдатууга аракеттенүүдө. Мисалы, банктарга санкция киргизишти. Бул боюнча президентибиз Садыр Жапаров БУУда сөз сүйлөп, кыргыз элинин пикирин ачык-айкын жеткирди. Бул абдан чоң иш. Мына, ушундай саясий акыбалдын фонунда, КМШ мамлекеттеринин башчыларынын жолугушуп, бир пикирге келишкени жакшы көрүнүш болду», – деди Жекшенкулов.
Ошондой эле, ал саммитте ММКларга тараган “Россия менен Азербейжандын мамилеси начарлады, азербейжандык мигранттарга Россияга кысым көрсөтүү башталды ж.б.” өңдүү маалыматтарга тактоо киргизилгенин кошумчалады.
“Мени бир нерсе абдан сүйүндүрдү. КМШ өлкөлөрүнүн ортосунда ар кандай кыйынчылыктар жаралсын деген ниетти карманган үчүнчү күчтөр бар да. Россия менен Азербейжандын мамилеси начарлады деген маалыматтар да ошол негизде тарады. Баарыбыз күбө болдук, саммитте Владимир Путин менен Ильхам Алиев жакшы маанайда жолугуп, бардык маселени чечишти. Бул эмнени билдирет? Россиянын, Азербейжандын ичинде да бузукулук кылып, андан өзүнө пайда табууну көздөгөн ар кандай күчтөр бар да. Эки лидер ошону түшүнүштү. Географияны карасаңар, бул эки өлкө бири бирине таасирдүү да, көз каранды да десек болот: соода, энергетика, транспорт жагынан. Ошондуктан, эгер алар терс карашса, жөнөкөй элге көп кыйынчылык жаралып калышы мүмкүн. Эки президент мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн кадам жасашты. Путин Азербейжандын учагынын кулашынын себебин түшүндүрүп, жоопкерчиликти өзүнө алып, компенсация төлөп берүүнү убадалады. Бул Россия КМШ өлкөлөрүнүн улуттук кызыкчылыктары менен эсептешет деген белги. Мурда, Ельциндин убагында бул тууралуу сөз болчу да эмес. Көп учурда биздин пикирди сурабай туруп, көп нерсени таңуулап коюшчу. Путин келгенден бери көп нерсе өзгөрдү”, – дейт Аликбек Жекшенкулов.
