Балыкчы – Нарын – Торугарт унаа жолуна кар жаады
видеодон алынган кадр
6 июль

Балыкчы – Нарын – Торугарт унаа жолуна кар жаады

Балыкчы – Нарын – Торугарт автожолунун 445-544-чакырымына түндө кар жаап, анын калыңдыгы 25-35 сантиметрге чейин жеткен. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, учурда министрликтин кызматкерлери тарабынан атайын техникалар тартылып, кар тазалоо иштери жүрүүдө.

Министрлик тоолуу аймактарда аба ырайы кескин өзгөрүп жаткандыгына байланыштуу, айдоочуларды жолдо этият болууга, ылдамдыкты ашырбай, коопсуздук аралыкты так сактоого чакырат.