Интернет аркылуу курамында кара куурай өсүмдүгүнүн компоненттери бар чай, ун, май сатып жүргөндөр аныкталды
Сүрөт ачык булактардан алынды
10 август

Интернет аркылуу курамында кара куурай өсүмдүгүнүн компоненттери бар чай, ун, май сатып жүргөндөр аныкталды

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан 2026-жылдын июль айында Instagram социалдык тармагындагы «kendir_too» баракчасы аркылуу курамында кара куурай өсүмдүгүнүн компоненттери бар продукцияларды жарнамалоо жана сатуу менен алектенген жарандардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлган.

Бул жарандар иштетип жаткан «М» дүкөнүндө жүргүзүлгөн тинтүү учурунда курамында кара куурай өсүмдүгүнүн компоненттери бар чай, ун, май, спрей жана витаминдүү капсулалар табылып, алынган жана экспертизага берилген.

Кыргыз Республикасынын Юстиция минстрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын 2026-жылдын 6-августундагы эксперттик корутундусуна ылайык изилдөөгө берилген заттардын курамында – каннабис саманынын концентраты (марихуана) баңгизаты бар экендиги далилденген.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №152 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында контролдонууга тийиш болгон баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттардын, алардын аналогдорунун жана прекурсорлорунун тизмегине ылайык – каннабис саманынын концентраты (марихуана) Кыргыз Республикасында жүгүртүүгө тыюу салынган баңгизат каражаттары болуп саналат.

Ички иштер министрлиги мыйзамдын талаптарына ылайык иш алып барат жана жарандарга эскертет: ишкердик менен алектенерден мурун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, укуктук ченемдик актылардын талаптары менен толук кандуу таанышуу жана так аткаруу зарыл.