Оштун тургуну ажылыкка деп чогулткан акчасына айылдаштарына көпүрө салып берди 
Ош мэриясы
5 апрель

Оштун тургуну ажылыкка деп чогулткан акчасына айылдаштарына көпүрө салып берди 

Ош шаарынын Озгур айылында 4-апрелде жаңы көпүрө бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Ачылыш аземине шаар мэри Жанарбек Акаев, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.

Бул көпүрө айыл жашоочусу Умарбек Атабеков тарабынан жеке каражатына курулуп, айылдаштарына белек катары арналды. Ал ажылыкка барууга деп чогулткан каражатын элдин керегине жумшоону туура көргөн. Анткени жаз мезгилинде Увам каналында суу көбөйүп, шаарды байланыштыруучу эски көпүрө кооптуу абалга келип калган.

Шаар башчысы анын бул аракетин айылга кызмат кылуунун мыкты үлгүсү катары даңазалап, шаардык инфраструктураны өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн мэриянын Ардак грамотасы менен сыйлап, ыраазычылыгын билдирди.