Кыргызстанда иштегендердин ар бир алтынчысы соода тармагында эмгектенет
сүрөт жасалма интеллекттин жардамы менен жасалды
10 август

Кыргызстанда иштегендердин ар бир алтынчысы соода тармагында эмгектенет

Кыргызстанда иштегендердин дээрлик ар бир алтынчысы соода тармагында эмгектенет.

Улуттук статистика комитетинин «Кыргызстан 2026-жылы сандарда» статистикалык жыйнагындагы маалыматка ылайык, 2025-жылы дүң жана чекене соодада, ошондой эле автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо тармагында 439,2 миң адам иштеген.

Бул тармакта өлкөнүн экономикасында иштегендердин жалпы санынын 15,7%ы эмгектенет.

Айыл, токой чарбасы жана балык уулоо тармагында да дээрлик ушунча адам – 436,4 миң киши иштейт. Бул жалпы иштегендердин 15,6%ын түзөт.

Курулуш тармагында 376,7 миң адам же 13,5%, кайра иштетүү өнөр жайында 311,9 миң адам же 11,1% эмгектенет.

Ал эми билим берүү тармагында дагы 300,1 миң адам иштейт. Бул өлкөдө иштегендердин жалпы санынын 10,7%ына барабар.

Жалпысынан 2025-жылы Кыргызстандын экономикасында 2 млн 799,7 миң адам эмгектенген.