Токмокто 19 жаштагы Асылбек кызы Керемет изделүүдө
Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө Н.К., аттуу жаран кайрылып, 2006-жылы туулган кызы Асылбек кызы Кереметти издөөгө жардам көрсөтүүнү суранган.
Анын айтымында, 2025-жылдын 12-октябрь күнү кызы Токмок шаарындагы «Булак» базарынын аймагында жайгашкан жумуш ордунан чыгып кеткен бойдон азыркы убакка чейин кайрылып келе элегин билдирген.
Белгилери:
- Бою: болжол менен 180 см
- Бою: орточо
- Көзү жана кашы кара
- Тери өңү: күрөң
- Чачы: ийинге чейин, кара түстө
- Үстүндө болгон кийими: боз түстөгү куртка, кара джинсы жана боз бут кийим.
Өзгөчө белгилери жок.
Эгерде Асылбек кызы Кереметтин жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматтар сизге белгилүү болсо, дароо Токмок шаарынын ИИБнин нөөмөт бөлүмүнө төмөнкү телефондор аркылуу билдирүүңүздөрдү суранабыз:
- 0 (313) 86-31-02
- 0 (312) 60-73-63
- 0 (700) 29-40-42, же бирдиктүү милиция номери 102 аркылуу кабарлаңыз.
