Кантта дайынсыз жоголгон жаран табылды
КР ИИМ
10 август

Кантта дайынсыз жоголгон жаран табылды

Ысык-Ата районунда ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлери Кант шаарындагы үйүнөн чыгып кеткенден кийин дайынсыз болгон жаранды табышты.

9-августта райондук ички иштер бөлүмүнө 1972-жылы туулган жаран кайрылып, 1992-жылы туулган уулу саат 17:00 чамасында Кант шаарындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келбегенин билдирген.

Кайрылуунун негизинде укук коргоо органдары тарабынан издөө иш-чаралары уюштурулуп, дайынсыз болгон жаран тууралуу маалымат милиция кызматкерлерине жөнөтүлгөн.

Издөө иштеринин жүрүшүндө Бишкек–Нарын–Торугарт айланма жолунда кызмат өтөп жаткан ИИМдин Күзөт кызматынын Ысык-Ата райондук бөлүмүнүн мобилдик тобунун кызматкерлери берилген маалыматтагы белгилерге окшош жаранды байкашкан.

Анын өздүгү такталып, тиешелүү текшерүү иш-чараларынан кийин туугандарына өткөрүлүп берилген.

Милициядан билдиришкендей, жаран аман-эсен табылган.