Сокулук районунда күйүүчү майды үйүндө мыйзамсыз сактап жана сатып жүргөн жаран жоопко тартылды
13 октябрь

Сокулук районунда күйүүчү майды үйүндө мыйзамсыз сактап жана сатып жүргөн жаран жоопко тартылды

2025-жылдын 14-июлунда Сокулук РИИБге Салык инспекциясынын өкүлдөрү кайрылышкан, ал кайрылуусунда, рейд учурунда Салык инспекциясынын кызматкерлери тарабынан Сокулук районунун Кожомкул айылындагы Фрунзе көчөсүндө жайгашкан үйүндө, 1980-жылы туулган Т.Р аттуу жаран мыйзамсыз күйүүчү майды сактап, сатып жүргөнүн жана 950 литр күйүүчү май табылганын билдиришкен.

Аталган факты каттого алынып, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 239-беренеси (Милдеттүү түрдө акциз салынуучу продукцияны акциздик маркасыз өндүрүү) боюнча кылмыш иши козголду.

Тергөөнүн жүрүшүндө жогоруудагы күйүүчү май алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалып, 1980-жылы туулган Т.Р. атту жаранка айыбы угузулуп, ага карата башка жакка кетпөө жөнүндө тил каты алынып баш коргоо чарасы тандалган.

Ал эми кылмыш иштин алкагында Т.Р.га карата Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 256-беренесине ылайык айыптоо актысы түзүлүп, кылмыш иши соттук кароого жиберилди.

Чүй облусунун ИИББ жарандарды уруксатсыз соода түйүндөрүнөн күйүүчү май сатып алуудан баш тартууга жана күйүүчү майды расмий автозаправкалардан гана сатып алууга чакырат.